Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 «Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кезектеги айыл чарба каттоосун сапаттуу өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба каттоосу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 “Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы “2014” деген цифралар “2016” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
биринчи абзацындагы “2014-жылдын 15-ноябрынан баштап 15-декабрына чейин” деген сөздөр жана цифралар “2016-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы “2014-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин” деген сөздөр жана цифралар “2016-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейин” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пункттун экинчи абзацындагы “2014” деген цифралар “2016” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 3-пункттагы “2013”, “2014-2015” деген цифралар “2015”, “2016-2017” деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт толукталсын:
“32. Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосунун персоналынын ишинин узактыгы жана берилүүчү төлөмдөрдүн өлчөмү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык белгиленсин.”;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда:
- айыл чарба каттоосуна өз убагында даярданууну жана өткөрүүнү, квалификациялуу кадрларды тандоону, калк ичинде каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө массалык түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыздашсын;
- мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып, айыл чарба каттоосун даярдоого жана өткөрүүгө тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин;
- 2015-жылдын 31-декабрына чейин калктуу конуштардын 1:5000 масштабдагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен түзүшсүн жана мамлекеттик статистика органдарын алар менен 3 нускада камсыздашсын;
- айыл чарба каттоосун даярдоо, өткөрүү жана каттоонун материалдарын тапшыруу мезгилинде каттоо бөлүмдөрүнө жана нускоочулук участокторго мамлекеттик статистиканын аймактык органдары менен макулдашып эмерек, шаймандар жана телефондук байланыш менен жабдылган кайтарылуучу жайларды жана автотранспорт бөлүп беришсин.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 41- 44-пункттар менен толукталсын:
“41. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктуу конуштардын 1:5000 масштабдагы такталган схемалык пландарын жана райондордун карталарын даярдоо жана нускалоо үчүн келишим түзүүдө жардам көрсөтсүн.
42. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба каттоосун уюшкандыкта өткөрүүгө жардам көрсөтүүнү камсыздасын;
- айыл чарба каттоосун өткөрүүгө тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыздасын;
- айыл чарба каттоосунун материалдарын ташуу учурунда автотранспортту коштоого жардамдашсын;
43. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик статистиканын аймактык органдары берген сарптоо сметаларына жана эсептөөлөргө ылайык 2015-2017-жылдарга карата жергиликтүү бюджетте айыл чарбалык каттоого көрүлүүчү даярдыкты жана аны өткөрүүнү камсыздоочу иш-чараларды каржылоого максаттуу каражат бөлүүнү караштыруу сунушталсын;
44. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы, Кыргыз Республикасынын “Коомдук телекөрсөтүү – ЭЛТР” телерадиокомпаниясы, “Эркин-Тоо” гезитинин редакциясы жана “Слово Кыргызстана”, “Кыргыз-Туусу” басма үйлөрү айыл чарба каттоосуна болгон даярдыктын жана аны өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырышсын, атайын рубрикаларды ачышсын жана республиканын статистика органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан берүүлөрдү туруктуу негизде даярдоону камсыздашсын.”;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин аталышындагы:
- “2014-жылдын 15-октябрынан баштап 15-ноябрына чейин” деген сөздөр жана цифралар “2016-жылдын 1-октябрынан 30-октябрына чейин” деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттеги “тизмеси” деген сөз “тизмеги” деген сөзгө алмаштырылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев