Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө
“Дары-дармек каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, фармацевтика секторун андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасы;
- Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасында дары каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-2020-жылдарга карата программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткарууну жалпы координацияласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-январындагы № 11 “Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга Мамлекеттик дары-дармек саясаты жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев