КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында: биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: «Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;»; төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 “Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Суу боюнча улуттук кеңештин курамында: биринчи абзацындагы “премьер-министри” деген сөздөр “биринчи вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 “Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган токтом менен түзүлгөн Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында: биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамында: биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: “Кыргыз Республикасынын экономика министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.”; жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 324 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - аталган токтом менен бекитилген Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү маселелери боюнча комиссиянын курамында: биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы №790 “Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңештин курамында: биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри” деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү тууралуу» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 219 «Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу