Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Объекттерди долбоорлоо жана куруу мөөнөттөрүн кыскартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- курулуштары жарыш долбоорлоо менен жүргүзүлүп жаткан объекттерди, имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте каттоону жүргүзсүн;
- бир айлык мөөнөттө объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана курууну каралган, ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
Аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин долбоордук чечимдерге, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкеш келишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев