КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 317 «Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 317 «Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун формасы, 7-тиркемеге ылайык»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун толтурган формасын Кыргыз Республикасында КТАД ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин алдындагы КТАД катчылыгына 7-тиркемеге ылайык берип туруу сунушталсын.»;

жогоруда аталган токтомдун 1-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;

ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда 7-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев