КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому

Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 9-пунктун көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары: 

- бул токтомдун 1-пункту менен каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алышсын жана сакташсын;

 - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такталарга жайгаштырышсын. 

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. 

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу