Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:


1. Тиркелген: 2014-2015-жылдарга Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) бекитилсин.

2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар: - квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин; - Иш-чаралар планын аткарууну тийиштүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик органдар берген маалыматтарды жалпыласын жана квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев 

Тиркеме


Тиркемелер

Басып чыгаруу