Ресурстар чектелген шарттарда мамлекеттик секторду реформалоонун приоритеттүү багыттарын аныктоо, ошондой эле аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо максатында:
1. Мамлекеттик секторду реформалоонун төмөнкүдөй приоритеттүү багыттары аныкталсын: - коррупцияга каршы реформа; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары бөлүгүндөгү соттук-укуктук реформа; - мамлекеттик финансыларды башкаруу тутумун реформалоо; - мамлекеттик кызмат тутумун реформалоо; - мамлекеттик башкарууну реформалоо; - электр энергетика тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо; - кен казуу тармагындагы мамлекеттик башкарууну реформалоо.
2. Мамлекеттик секторду реформалоонун приоритеттүү иш-чаралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик сектордун приоритеттүү багыттарын реформалоонун үч этабы белгиленсин:
Биринчи этап | кыска мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2014-жылдын 30-июнуна чейин |
Экинчи этап | орто мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2015-жылдын декабрына чейин |
Үчүнчү этап | узак мөөнөттүү чаралар/иш-аракеттер | 2016-жылдын декабрына чейин |
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тескеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев Тиркеме