Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта:
- он үчүнчү абзацындагы "2200" цифралары "3000" цифраларына алмаштырылсын;
- он бешинчи абзацындагы "200" цифралары "400" цифраларына алмаштырылсын;
- он алтынчы абзацындагы "200" цифралары "400" цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга 1-пунктунун төртүнчү абзацы кирбейт, ал 2014-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Дж.Оторбаев |