Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы жөнүндө
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия ушул токтомдун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев