Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө маалыматтарды өлкөнүн жарандарынын Интернет тарамы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Маалыматташтыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Интернет-ресурстарынын төмөнкү даректери бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын Интернет тарамындагы расмий маалыматтык ресурсу катары http://www.government.gov.kg, http://www.okmot.gov.kg жана http://www.kg.gov (www.gov.kg Мамлекеттик интернет-порталдын курамында); Кыргыз Республикасынын электрондук Өкмөтүнүн расмий маалыматтык ресурсу катары http://www.e.gov.kg, http://www.egov.kg жана http://www.e-gov.kg; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин расмий маалыматтык ресурсу катары http://www.ict.gov.kg.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректери бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору бир айлык мөөнөттө тиркемеге ылайык .gov.kg зонасына өтүүнү камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын электрондук Өкмөтүнүн расмий маалыматтык ресурсун иштеп чыксын жана ишке киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев