Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 "Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит - Кредиттик макулдашууга ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-февралындагы № 78 “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын;
“- Кредиттик линиянын пайдаланылбаган жана компенсацияланбаган балансынын суммасынан комиссиялык жыйым – жылдык 0,25 пайыз;
- күрөөлүк камсыздоосуз.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Дж.К. Оторбаев