КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 658

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесин ишке ашыруу, салык отчетунун формаларын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85 жана 86-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына карата (FORM STI-100) «Мүлк салыгы жана жер салыгы» (FORM STI-100-003)   3-тиркемесинин формасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу тартибинде:

5-главасындагы:

- 100-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «100. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык мүлк жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт.

Эскертүү: Эгерде мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, 3-графа толтурулбайт.

Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылган.

2-графанын уячаларында убактылуу же туруктуу жашоо үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган 1, 2 жана 3-топтордогу мүлктөрдүн түрүнүн (турак жайлар, жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү), ошондой эле пайдаланылбаган турак эмес жайдын коду көрсөтүлөт. 2-графанын уячаларын толтурууда төмөнкүдөй таблицага ылайык мүлктүн коддору пайдаланылат:


Мүлктүн коду

Мүлктүн аталышы

1

001

Турак үй

2

002

Батир

3

003

Дача үйү

4

004

Жатакана

5

005

Пайдаланылбаган турак эмес жай

»;

-101-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

-102-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 103-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 104-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 105-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

-106-пунктундагы:

 «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Эгерде мүлк объектиси Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары  жайгашкан жана ал боюнча мүлк салыгы төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 8-графадагы салыктын суммасын мүлк салыгы төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.»;

- 110 жана 113-пунктундагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 114-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«114. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык транспорт каражаты жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт.»;

II бөлүмдүн 2-графасынын уячаларында транспорт каражатынын кыймылдаткычынын коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштесе, 1-графада «А» коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштебесе «Б» коду көрсөтүлөт. Бул топко транспорт каражаттарынын түрлөрү боюнча 001ден 007ге чейинки коддор менен төмөнкү таблицага ылайык белгиленген транспорт каражаттары киргизилет.


Кыймылдат-кычтын тибинин коду

Транспорт каражатынын коду

Транспорт каражатынын аталышы

«А» (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер)

001

Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар

002

Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, микроавтобустар

003

Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары

004

Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар)

005

Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор

006

Яхталар жана суу мотоциклдери
«Б» (башкалар)

007

Сатып алган наркы боюнча - 001ден 006га чейинки коддордогу транспорт каражаттарынан тышкары, башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер

»;

- 115-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 116-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 117-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 118-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

-119-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«119. 7-графанын уячаларында ар бир транспорт каражаты боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 7-графадагы салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.»;

-120-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 121-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«121. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык, жер участогу жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт.

2-графанын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт:

Коду

Жер участогунун аталышы

1

01

Сугат айдоо жери

2

02

Кайрак айдоо жери

3

03

Отургузулган көп жылдык бактар

4

04

Чөп чабындылар

5

05

Жайыттар

6

11

Шаарлар: Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата

7

12

Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя

8

13

Башка шаарлар жана поселоктор

9

14

Айылдык калктуу конуштар

 Эскертүү. Жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө жана жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлгөн жеке жак жер участогун пайдаланганына же пайдаланбаганына карабай, үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участокторуна салык төлөөчү болуп эсептелет.

Жер салыгын эсептөө үчүн салык базасы болуп укукту белгилөөчү жана/же укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты саналат.

Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн жер участогу кайсы калктуу конуштун аймагында жайгашканына жараша 11ден 14кө чейинки коддорду тандоо зарыл.»;

- 122-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 123-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 124-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 125-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 126-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 127-пунктундагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 128-пунктундагы «7» цифрасы «8»цифрасы менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) «Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булагында салык салынган кирешелер» (FORM STI-101-003)  3-тиркемесинин формасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу тартибинде:

- 93-пунктунун «б» пунктчасындагы «социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттердин, жолдордун, электр тармактарынын, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын,» деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 1061-пункт менен толукталсын:

«1061. 365-уячада объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысына ылайык уюмдун менчигинин түрүнө карабай, аталган объектилерди багыты боюнча пайдаланган, эксплуатациялаган жана тейлеген социалдык-маданий, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объектилеринен, жолдордун, суу менен камсыз кылуу жана канализация, электр тармактарынын жана эсепке алуу приборлорунун, подстанциялардын, от казандарынын жана жылуулук тармактарынын, газ тармактарынын жана газды эсепке алуу приборлорунун объектилеринен адистештирилген уюмдар акысыз алган негизги каражаттарынын наркы көрсөтүлөт.»;

- 107-пунктундагы «364» цифрасы «365» цифрасы менен алмаштырылсын;

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын                        4-тиркемесинин 1, 2, 3-топтордогу мүлк объектилери боюнча  чечмелөөнүн формасы (FORM STI-102-004-01) ушул токтомдун                 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын 4-тиркемесинин 4-топтогу мүлк объектилери (транспорт каражаты) боюнча чечмелөөнүн формасы (FORM STI-102-004-02)  ушул токтомдун  4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу тартибинде:

6-главасындагы:

- 162-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 «162. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык, мүлк жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт. Эгерде мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, анда 4-графа толтурулбайт.

2-графанын уячаларында мүлк объектинин тобунун коду төмөнкү таблицага ылайык көрсөтүлөт:


Коду

Мүлк объектинин тобу

01

1-топ

02

2-топ

03

3-топ

04

4-топ

Эскертүү. 1-топтогу мүлк объектилерине туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган, ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулбаган турак-жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү кирет.

2-топтогу мүлк объектилерине ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган турак жай үйлөрү, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле башка капиталдык курулуштар кирет.

3-топтогу мүлк объектилерине ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар кирет.»;

- 163-пунктундагы «1» цифрасы «2» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 164-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 165-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 166-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 167-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 168-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 169-пунктундагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 170-пунктунун биринчи абзацында жана «в» пунктчасында «8» цифрасы «9» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 171-пунктундагы:

 «8» цифрасы «9» цифрасы менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Эгерде мүлк объекти Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча мүлк салыгы төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 9-графада салыктын суммасын мүлк салыгы төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.»;

- 172-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«172. 1-графанын уячаларында Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык транспорт каражаты жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, анда 4-графа толтурулбайт.

Менчигинде транспорт каражаттары бар Декларация тапшыруучу бул чечмелөөнү төмөнкү таблицага ылайык толтурат:

Кыймылдаткыч-тын тибинин коду

Транспорт каражатынын коду

Транспорт каражатынын аталышы

«А» (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер)

001

Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасында иштеген фургондор жана пикаптар

002

Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, микроавтобустар

003

Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол курулуш машиналары

004

Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар)

005

Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор

006

Яхталар жана суу мотоциклдери
«Б» (башкалар)

007

Сатып алган наркы боюнча - 001ден 006га чейинки коддору бар транспорт каражаттарынан башка транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер

Эскертүү. Транспорт каражаты иштеген кыймылдаткыч ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болуп саналабы же жокпу, ушуга байланыштуу транспорт каражатына тамгалуу коду, ошондой эле транспорт каражатынын түрүнүн коду ыйгарылат.»;

- 173-пунктундагы «1» цифрасы «2» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 174-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 175-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 176-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

-178-пунктундагы:

биринчи абзацындагы жана «в» пунктчасындагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы «г» пунктчасы менен толукталсын:

«г) эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 7-графада салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.»;

-180-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

7-главасында:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1891-пункт менен толукталсын:

«1891. 1-графанын уячаларында жер участогу жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт. Эгерде жер участогу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо, анда 4 жана      5-графалар толтурулбайт.»;

- 190-пунктундагы «1» цифрасы «2» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 191-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 192-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 193-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 194-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 195-пунктундагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

-196-пунктундагы:

биринчи жана жетинчи абзацтарындагы «8» цифрасы «9» цифрасы менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«Эгерде жер участогу Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 9-графада салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.»;

8) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын 5-тиркемесинин жер участогу боюнча (FORM STI-102-005-01) чечмелөөнүн формасы ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

9) жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Салык салынуучу кирешеси жок жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-103) «Мүлк салыгы жана жер салыгы» (FORM STI-103-002) 2-тиркемесинин формасы ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

10) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруу тартибинде:

- 69-пунктундагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 73-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«73. 1-графанын уячаларында мүлк жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.

Эскертүү: Эгерде мүлк Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан болсо,  анда 3-графа толтурулбайт.

Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификатору ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында (www.sti.gov.kg) жайгаштырылган.».

2-графанын уячаларында убактылуу же туруктуу жашоо үчүн пайдаланылган жана ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган 1, 2 жана 3-топтордогу мүлктөрдүн түрүнүн (турак жайлар, жатаканалар, батирлер, дача үйлөрү), ошондой эле пайдаланылбаган турак эмес жайдын коду көрсөтүлөт. 1-графанын уячаларын толтурууда төмөнкүдөй таблицага ылайык мүлктүн түрүнүн коддору пайдаланылат:

Мүлктүн коду

Мүлктүн аталышы

1

001

Турак үй

2

002

Батир

3

003

Дача үйү

4

004

Жатакана

5

005

Пайдаланылбаган турак эмес жай

»;

- 74-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 75-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 76-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 77-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 78-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 79-пунктундагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

 «Эгерде мүлк объектиси Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча мүлк салыгы төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 8-графадагы салыктын суммасын мүлк салыгы төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.»;

- 83 жана 86-пункттарындагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 87-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«87. 1-графанын уячаларында транспорт каражаты жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.

II бөлүмдүн 2-графасынын уячаларында транспорт каражатынын кыймылдаткычынын тибинин коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштесе, 1-графада «А» белгисинин коду көрсөтүлөт. Эгерде транспорт каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштебесе «Б» коду көрсөтүлөт.»;

- 88-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 89-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 90-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 91-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 92-пунктундагы:

биринчи жана тогузунчу абзацтарында 6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 7-графадагы салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.»;

- 93-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 94-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«94. 1-графанын уячаларында жер участогу жайгашкан өлкөнүн коду (тамгалык белгилениши) Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт.».

2-графанын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт:

Коду

Жер участогунун аталышы

1

01

Сугат айдоо жери

2

02

Кайрак айдоо жери

3

03

Отургузулган көп жылдык бактар

4

04

Чөп чабындылар

5

05

Жайыттар

6

11

Шаарлар: Бишкек, Чүй-Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата

7

12

Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя

8

13

Башка шаарлар жана поселоктор

9

14

Айылдык калктуу конуштар

Эскертүү. Жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө жана жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк менен күбөлөндүрүлгөн жеке жак жер участогун пайдаланганына же пайдаланбаганына карабай, үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участокторуна салык төлөөчү болуп эсептелет.

Жер салыгын эсептөө үчүн салык базасы болуп укукту белгилөөчү жана/же укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун аянты саналат.

Үйдүн жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарбак участоктору үчүн жер участогу кайсы калктуу конуштун аймагында жайгашканына жараша 11ден 14кө чейинки коддорду тандоо зарыл.»;

- 95-пунктундагы «2» цифрасы «3» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 96-пунктундагы «3» цифрасы «4» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 97-пунктундагы «4» цифрасы «5» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 98-пунктундагы «5» цифрасы «6» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 99-пунктундагы «6» цифрасы «7» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 100-пунктунун биринчи жана төртүнчү абзацтарында «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын;

- 101-пунктундагы «7» цифрасы «8» цифрасы менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу