КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 токтому

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу аселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан чараларды көрсүн;

- кайра уюштуруу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2014-жылга республикалык бюджетте министрликке каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдардын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-тиркемесинин 9-пунктундагы «317» жана «242» цифралары тиешелүү түрдө «322» жана «247» деген цифраларга алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

«4-1. Департамент Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбордун укуктары жана милдеттери боюнча толук укук улантуучусу болуп эсептелет.».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-июлундагы № 456 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборун түзүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Дж.К. Оторбаев

Тиркемелер

Басып чыгаруу