КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 126 буйругу

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо методологиясын андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-майындагы № 201-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасын ишке ашыруу” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2 жана 3-пункттардагы “жана монополияга каршы саясат” деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемесинде: I бөлүмүндөгү “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо” программасын аткаруу жөнүндө отчет” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу жөнүндө отчет” деген сөздөр менен алмаштырылсын; VI бөлүм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “VI. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштөө индикаторлору:

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын функцияларынын жана программалык документтеринин алкагында коюлган сапаттуу жана өз учурунда аткарылган милдеттердин саны аткарууга алынган милдеттердин жалпы санына карата, %. Мамлекеттик кызматтарды сапатсыз көрсөтүү маселелери боюнча жарандардын даттанууларынын жана кайрылууларынын санынын отчеттук мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жалпы санына карата катышы, %.

3. Отчеттук мезгилде бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды максаттуу пайдаланылышынын даражасы, %.

4. Мамлекеттик порталдар жана сайттар, ошондой эле мобилдик түзүлүштөр жана калкты тейлөө борборлору аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана функциялардын саны ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана функцияларынын жалпы санына карата, %. Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу керек.”.

2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-майындагы № 201-б буйругунун 3-тиркемесинин VI бөлүмүндөгү өзгөртүлгөн индикаторду эске алуу менен, анын ичинде 2013-жылдын төртүнчү кварталынын жыйынтыктары боюнча көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндө жетишилген маанилери жөнүндө баяндамаларды берүүнү камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 474-б буйругунун 1 жана 2-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тескеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр Дж.К. Оторбаев


Тиркемелер

Басып чыгаруу