Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 240 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын компетенциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомун көңүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 72 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги жөнүндө жободо:
1) 5-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;”;
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 6-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- архив иши жана мамлекеттик маалымат ресурстарын ишке киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты камсыздоого жана ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик маалымат ресурстарын ишке киргизүүгө катышат;”;
- жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- архивдик документтердин сакталышын, мамлекеттик катталышын камсыздоо боюнча талаптарды аныктайт;
- мамлекеттик архивдерде Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтерин пайдалануунун тартибин белгилейт;”;
- он бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- мамлекеттик тилдеги текст төмөнкү мазмундагы 18-абзац менен толукталсын:
“- мамлекеттик архивдерде сакталуучу ретроспективдүү документтик маалыматты берүүсүн камсыз кылат;”;
- мамлекеттик тилдеги текст төмөнкү мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
“- мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар, ишканалар тарабынан иштелип жаткан архивдик иштер жана иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди уюштуруу маселелери боюнча ченемдик-усулдук документтерге макулдук берүүгө;”;
- жыйырма экинчи абзацтын расмий тилдеги текстинде “ченемдик-усулдук документтер” деген сөздөр “усулдук документтер” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-пункттун үчүнчү, бешинчи жана онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 12-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 75 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жөнүндө жободо:
1) 5-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;”;
2) 6-пунктта:
- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, укуктардын жана жер кадастрынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;
- он биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- Департаменттин аймактык бөлүнүштөрү аткаруучу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, кадастрдык жана башка иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө боюнча талдоо жүргүзөт жана Кызматтын кароосуна сунуштарды киргизет;”;
- он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- жыйырма биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- Кызматтын тапшырмасы боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын, жер участокторун берүү, жерлерди бир категориядан башкасына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлорун белгиленген тартипте даярдайт жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;
- жыйырма экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы № 76 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жободо:
1) 5-пунктта:
- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“- транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;”;
- бешинчи абзацтагы “мыйзамдуу” деген сөз алып салынсын;
2) 6-пунктта:
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“- транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;
- тогузунчу, он тогузунчу, жыйырма биринчи, жыйырма жетинчи жана жыйырма сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 7-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жободо:
1) 4-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“- калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын талдоо жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизүү;”;
2) 5-пунктта:
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“- калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн Кызматтын кароосуна киргизет;”;
- он төртүнчү абзац “жарандыгы жок адамдарга” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
- он жетинчи абзац “жарандарынын материалдарын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
- он сегизинчи абзац “чакыруу кагаздарын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма экинчи абзац “боюнча сунуштарды” деген сөздөрдөн кийин “андан ары Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кароосуна киргизүү үчүн” деген сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма жетинчи абзацтагы “бирдиктүү” деген сөз алып салынсын жана “маалыматтар базасын” деген сөздөрдөн кийин “Департаменттин компетенциясынын чегинде” деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.К. Оторбаев |