Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 “Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартибинде:
- 14-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди экинчи ирет жана андан кийинки ыйгаруу ушул Тартипке ылайык салык салынуучу субъект берген Арыздын негизинде, мурда ыйгарылган сериялары жана номерлери менен КНСтин колдонулбаган эсеп-фактураларын эске алып, үч жолку орточо айлык керектөөдөн ашпаган санда салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
Салык салынуучу субъекттин КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди экинчи ирет жана андан кийинки ыйгаруу, алар тарабынан КНС боюнча ай сайын салык отчёттору үзгүлтүксүз берилип турган шартта жүргүзүлөт.”;
- 48-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“48. КНСтин эсеп-фактурасы окшош маалыматтарды камтыган эки нускадагы 1 баракта таризделет. Түп нусканын биринчи нускасы сатып алуучуга берилет, түп нусканын экинчи нускасы сатуучуда (жеткирүүчүдө) калат.
КНСтин эсеп-фактурасынын “Жеткирүү” бөлүмүндө толтурулган саптардын саны КНСтин эсеп-фактурасынын бекитилген формасындагы саптарынын санынан ашып кетсе, салык салынуучу субъект салык органы тарабынан ушул салык салынуучу субъектке ыйгарылган башка номери жана сериясы менен КНСтин эсеп-фактурасынын башка бланкын тариздейт.”;
- 50-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“Эгерде кызмат көрсөтүү акысы бир эле учурда накталай жана накталай эмес формада төлөнсө, КНСтин эсеп-фактурасынын “төлөө формасы” 403-уячасында төлөө формасынын экөөсү тең көрсөтүлөт.
Бекер жеткирилген учурда (кайрымдуулук максатында жеткирүү жана/же бухгалтердик эсептин эрежелерине ылайык алардын эсептик наркы “нөлдүк” деп кабыл алынган товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу), КНСтин эсеп-фактурасынын бланкынын 403-уячасында “Бекер жеткирүү” жазуусу жүргүзүлөт.”;
- 64-пунктунда:
- биринчи абзацы “тариздөө” деген сөздөн кийин “жалпы жыйынды маанилерди бир сапта көрсөтүү менен” деген сөздөр менен толукталсын;
-3-пунктчасында “терминал жана банкоматтар” деген сөздөр “терминал жана/же банкоматтар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 641-пункт менен толукталсын:
“641. Сатуудан салыктын түрдүү ставкаларын колдонуу менен бир сатып алуучуга товарларды, жумуштарды жана кызматтарды жеткирүү/аткаруу/көрсөтүү учурунда, салык салынуучу субъект ушул Тартиптин 48-пунктунун талаптарын сактоо менен КНСтин эсеп-фактурасынын бир комплектин тариздейт.”;
- жогоруда аталган Тартиптин 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган токтомдун 2-7-тиркемелери ушул токтомдун 3 - 8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин, бирок расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен эрте эмес күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев