Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жана энергия менен жабдуучу уюмдардын ортосундагы өз ара мамилелерди ылайыкташтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталыштагы “эрежесин” деген сөз “эрежелерин” деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пункттагы “эрежеси” деген сөз “эрежелери” деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде:
- мамлекеттик тилдеги текстте:
түрдүү жөндөмөлөрдөгү “тилке” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “участок” деген сөзгө алмаштырылсын;
жогоруда аталган эрежелердин жана анын тиркемелеринин бүткүл тексттери боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы “тиричилик керектөөчү”, “тармак”, “усулдук” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы “тиричиликке керектөөчү”, “тарам”, “методика” деген сөздөргө тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 1-пунктта:
алтынчы, жетинчи жана сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Тиричилик абоненти (керектөөчү) – энергия менен жабдуу келишими боюнча энергияны жеке тиричилик муктаждыктары үчүн пайдаланган жаран.
Менчик же баланстык таандыктагы чеги – ээлердин (пайдалануучулардын) ортосунда электр менен жабдуу тутумун бөлүү сызыгы.
Пайдалануу жоопкерчилигинин чеги – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жана келишимде көрсөтүлгөн талаптагыдай техникалык абалды жана анын элементтеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу ээлердин (пайдалануучулардын) ортосунда электр менен жабдуу тутумун бөлүү сызыгы.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“Пайдалануу жоопкерчилигинин чөлкөмү – жеке менчик чеги (баланстык таандыктыгы) менен пайдалануу жоопкерчилигинин чегинин ортосунда жайгашкан электр менен жабдуу тутумунун бөлүгү.”;
- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5-глава. Тараптардын өз ара мамилеси”;
- 61-пунктта:
1-пунктчадагы “0,23 кВ чыңалуудагы” деген цифралар жана сөздөр алып салынсын;
3-пунктчадагы “электр орнотмонун ээсинин” деген сөздөр “өздүк каражаттардын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
93-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
“3) алдын ала төлөөгө.”;
- 98-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 99-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 104-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“104. Эсептөө түйүнү тараптардын менчик чегинде жайгашпаган учурда, менчик чегинен эсептөө түйүнүнө чейин электр тарамынын участогунда электр энергиясынын коромжусу, менчигинде көрсөтүлгөн электр тарамынын участогу орун алган керектөөчүгө тиешелүү.
Электр энергиясынын коромжусу керектөөчүгө электр энергиясын жөнөтүү белгиленген пландарда эсепке алынууга тийиш.
Эсептөө түйүнүнөн тараптардын менчик чегине чейинки электр тарамынын участогунда электр энергиясынын коромжусу тиркелген методикага (4-тиркеме) ылайык эсептешүү жолу менен аныкталат.”;
- 111-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“111. Лицензия алуучу керектөөчүнү белгиленген тартипте эскертүү менен керектөөчүнү тарамдан өчүрүп коюуга төмөнкү учурларда укуктуу:”;
3-пунктчада “жана 113” деген сөз жана цифралар алып салынсын;
- 113-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“113. Тиричиликке керектөөчү Келишимде (Контрактта) аныкталган мөөнөттүн ичинде керектелген электр энергиясына төлөбөсө, лицензия алуучу өчүрүүгө чейин 7 сутка мурда керектөөчүнү алдын ала эскертүү менен электрдик жабдууну токтотууга укуктуу.”;
- Тиричиликке керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга типтүү келишимдин 5-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) Керектөөчүнү керектүү өлчөмдө жана кубаттуулугу 5 кВт электр энергия менен жабдууга үзгүлтүксүз, ишенимдүү, коопсуз жана сапаттуу камсыз кылууга, ошондой эле жоопкерчилик чегинде 220/380 вольт чыңалууну камсыз кылууга.”;
- Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуулар табылганда керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускамада:
18-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
Б тиркемесинин 4-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) кайтадан эсептешүүгө таандык мезгил коммерциялык эсептөө каражаттары катталган дата менен тең каралат, бирок доонун эскирүү мөөнөтүнөн кеч эмес.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу,
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Дж.К. Оторбаев