КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 19-мартындагы № 164 токтому

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борбору жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын  20-февралындагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы кыргыз илимий-техникалык энергетика боюнча борбору Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Энергия” кыргыз илимий-техникалык борборуна;”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 586 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика боюнча кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери” тууралуу токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр                                                Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркеме