КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 17-мартындагы № 131 токтому

Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге каратаартыкчылыктары жана Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планы жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана «Кыргыз РеспубликасынынБиологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Тиркелгендер: Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарынишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) бекитилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жыл сайын 22-майга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча маалымат беришсин.

3.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Иш-аракеттер планын ишке ашырууну координацияласын жана мониторингдесин.

4.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                            Ж.Ж.Сатыбалдиев

Тиркеме

Иш-аракеттер планы