Айрым аңчылык участокторун жана мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү жөнүндө
Дене тарбия жана спорт, аңчылык чарбасын жүргүзүү, аңчылык ресурстарын жана алардын жашаган чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик мүлк чөйрөлөрүндө башкаруу жана координациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин карамагына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан аянты 98400 га “Борколдой” аңчылык участогун;
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан аянты 20000 га “Үч-Чат” аңчылык участогун;
Чүй облусунун Чүй районунда жайгашкан аянты 20466 га “Шамси-Туюк” аңчылык участогун жана “Шахтын үйү” аңчылык базасын (1965-жылы курулган бир батирлүүкардонду (инвентаризациялык № 17), жанындагы 1 га аянты менен мончону);
Чүй облусунун Чүй районунда жайгашкан аянты 39000 га “Кегети” аңчылык участогун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ыкчам башкаруусуна Чүй облусунун Чүй районунун “Кегети” капчыгайында жайгашкан мурдагы “Эдельвейс” (ИК 7101400060091) пионер лагеринин мүлктүк комплекси менен аянты 5, 3273 га аңчылык участогун өткөрүп берсин;
- 5, 3273 га аянты менен аңчылык участокторун жана мурдагы “Эдельвейс” пионер лагеринин мүлктүк комплексин штаттык саны жана 2014-жылга зарыл болгон каржылоо менен белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү ишке ашырсын.
2. Чүй облусунун Чүй районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациялары белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин пайдалануусуна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган аңчылык участокторун берсин;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Чүй облусунун “Кегети” капчыгайында жайгашкан, 5,3273 га аянты менен мурдагы “Эдельвейс” пионер лагеринин мүлктүк комплексин өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 15-октябрындагы № 602 “Кегети” капчыгайынын жерлерин аңчылык участоктору үчүн өткөрүп берүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-июнундагы № 323-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 479-б буйругу;
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ж.Ж. Сатыбалдиев