Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун сапаттуу даярдоо үчүн финансылык аспапты түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду (мындан ары - Фонд) түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Фонд жөнүндө жобо;
- Фонддун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жобо.
3. Фонддун каражаттарын пайдалануу Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча ишке ашырылаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Фонд үчүн 2014-жылга 2 миллион АКШ долларына эквиваленттүү көлөмдө, 2015-жылга 1 миллион АКШ долларына эквиваленттүү көлөмдө жана 2016-жылга 1 миллион АКШ долларына эквиваленттүү көлөмдө бюджеттик каражат бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан Фондго бюджеттик каражаттарды эсепке алуу үчүн казыначылык тутумунда бюджеттик эсептин, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарын эсепке алуу үчүн атайын эсептин ачылышын камсыз кылсын;
- Фонддун эсептеринен бөлүнүүчү каражаттарды эсепке алууну жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 21-мартында № 20 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |