КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 18-мартындагы № 158 токтому

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикти түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу процессин активдештирүүнү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана   25-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) түзүлсүн. 

2. Тиркелген: Агенттик  жөнүндө жобо бекитилсин. 

3. Агенттиктин кызматкерлеринин штаттык санынын чеги 21 бирдик санында белгиленсин (тейлөө жана техникалык персоналды кошпогондо).

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пунктундагы «340» жана «96» деген цифралар «361» жана «117» деген цифраларга тиешелүү түрдө алмаштырылсын.

5.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:

«Инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик».

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда Агенттикти күтүүгө каражаттарды белгиленген тартипте караштырсын.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үч айлык мөөнөттө Агенттикти түзүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                            Ж.Ж. Сатыбалдиев

Жобо

Негиздеме-маалымкат