Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугуна талапкерлерди тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 -жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- 1.3.-пунктунда:
экинчи абзацындагы «консулдук округдун» деген сөздөр «өзү турган мемлекеттин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы «65» деген цифра «75» деген цифра менен алмаштырылсын
- 2.2.-пунктунун төртүнчү абзацындагы «консулдук паттенти» деген сөздөр «ыйгарым укуктары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.4.-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күнүнөн тартып, жети күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев