“2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014 -жылдын 29-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
“2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын
29-январындагы № 17 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында 2014-жылы Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин курамы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык кызмат орундары боюнча түзүлөөрү белгиленсин.
3. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, мамлекеттик бийликтин башка органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- башкаруунун бүткүл деңгээли боюнча иштерди пландоону, анын ичинде ведомстволук бөлүнүштөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны” бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасы жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган башка ченемдик укуктук актыларда баяндалган иш-чараларды жана милдеттерди так аткарууга багытталган иштерди пландоону камсыз кылышсын;
- Иш-чаралардын планын жана аткарылуучу милдеттердин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен кабыл алынган башка иш-чараларды аткаруу боюнча уюштуруу комитеттерин түзүшсүн;
- эки айлык мөөнөттө башкаруунун бүткүл тутуму боюнча орун алган коррупциялык тобокелдиктерди жана көрүнүштөрдү аныктап чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштерге жана кабыл алынган чечимдерге талдоо жүргүзүшсүн, аларды четтетүү жана жоюу боюнча өзүнчө иш-чаралардын пландарын бекитишсин;
- коллегиялардын жыйындарында жана аппараттык кеңешмелерде пландык иш-чаралардын аткарылышы боюнча маселелерди дайыма кароону иш жүргүзүүнүн практикасына киргизишсин;
- Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөшсүн;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жогоруда аталган иш-чаралардын пландарынын аткарылышы боюнча маалымат берип турушсун.
5. Уюштуруу комитети:
- жогоруда аталган иш-чаралардын пландарынын аткарылышы боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин маалыматын уксун;
- Кыргыз Республикасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүүнү камсыз кылсын.
6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана тиешелүү министрлик менен административдик ведомстволорду тейлөөчү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж.Ж. Сатыбалдиев |