КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 24-мартындагы № 178 токтому

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттигин жоюу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 100 «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын оптималдаштыруу жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттиги (мындан ары - «Ала-Тоо Финанс» ЧКА) жоюлсун.

2. «Ала-Тоо Финанс» ЧКАны жоюу боюнча жол-жоболорду аткаруу үчүн тиркемеге ылайык курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн.

3. Жоюу комиссиясы үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык «Ала-Тоо Финанс» ЧКАны жоюу боюнча иш-чараларды өткөрсүн.

4. Жоюу комиссиясына зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 240 «Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө»  токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ж.Ж. Сатыбалдиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу