КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 11-мартындагы № 124 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүүнү камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын   21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун экинчи абзацындагы “үч айлык мөөнөттө” деген сөздөр “2014-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө” деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жободо:

2-пунктунда “чет өлкөлүк” деген сөздөр алып салынсын;

5-пунктунда “чет өлкөлүк” деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


Премьер-министр                                            Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу