КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 25-февралындагы № 102 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жобосун  жөнөкөйлөтүү  максатында, “Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана

17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттин 328-1-пунктунун экинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                               Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу