Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө
Түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдардын социалдык көнүү шарттарын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 151-статьясын, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык)” системанын органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча убактылуу нускама (мындан ары - Убактылуу нускама) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы:
- ушул токтомдон келип чыккан мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 150- статьясынан келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Убактылуу нускама 2014-жылдын 30-июнуна чейин колдонулаары, бирок ушул токтомдун 3-пунктунда кабыл алынышы каралган, мыйзам күчүнө кирген убакыттан кечиктирилбей тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев