Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 “Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айыл чарбанын дүң продукциясын өндүрүү көлөмдөрүнүн өсүшүн, 1997-2012-жылдарда алынган насыялык каражаттарды кайтарып берүүнү, ошондой эле республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 “Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктунун биринчи абзацындагы “2015” деген цифралар “2025” деген цифраларга алмаштырылсын;
4-пунктунда:
- экинчи жана алтынчы абзацтарындагы “2015” деген цифралар “2025” деген цифраларга алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“-карызды төлөө 2013-2024-жылдарда жыл сайын төлөөнүн графигин түзүү менен 12 жылдын ичинде бирдей үлүштөрдө жүргүзүлсүн;”;
- бешинчи абзацындагы “2014” деген цифралар “2024” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиев