КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 3-мартындагы № 111 токтому

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик, эл аралык, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн  Кыргыз Республикасынын  жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине кирүүсүн тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин

23-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.   Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3.   Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын  коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                               Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу