КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 1-февралындагы № 62 токтому

2013-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылы экономиканын реалдуу өсүшү 2012-жылдагы 0,1 пайыздык төмөндөөнүн ордуна 10,5 пайызды түзгөндүгүн белгилейт. Жылдын башында 7,8 пайызга болжолдонгон экономикалык өсүштүн максаттуу көрсөткүчү 2,7 пайыздык пунктка жогору болду.

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 350 млрд сом суммасында түзүлдү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, ИДПнын реалдуу өсүшү 5,8 пайызды түздү, 2012-жылы мындай көрсөткүч 6,3 пайызды түзгөн. Экономиканын өсүшүнө таасирин тийгизген негизги факторлор катары өнөр-жай өндүрүшүнүн олуттуу жогорулашы болду, айрым алганда Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда алтын өндүрүүнүн көлөмү жогорулады, ошондой эле айыл чарбада, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүш болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен иш аракеттери инфляциянын деңгээлин  бир орундуу көрсөткүчтөрдүн чегинде кармоого мүмкүндүк берди. Жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын мааниси 2012-жылдын декабрына караганда 2013-жылдын декабрында 2012-жылдагы 7,5 пайыздын ордуна 4,0 пайыз  деңгээлинде болду.

Бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу эмгек акы 2013-жылдын январь-ноябрында, чакан ишканаларды эсепке албаганда 11085 сомду түздү жана 2012-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,9 пайызга  жогорулады, анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 1,8 пайызга азайды.

Пенсияларды жогорулатуунун натыйжасында пенсиянын орточо  өлчөмү 4478 сомго жетти жана 2012-жылга салыштырмалуу 6,8 пайызга  өстү. Пенсиянын орточо өлчөмүнүн пенсионердин жашоо минимумуна катнашы 109,3 пайызды  түзөт.

2013-жылдын январь-ноябрында тышкы соода жүгүртүү 6972,3 млн АКШ долларын түздү жана 2012-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 8,7 пайызга өстү. Товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшүнө – 22,2 пайыз, импорттун үлүшүнө – 77, 8 пайыз туура келди. 2013-жылдын январь-ноябрында соода балансынын таңсыктыгы 3876,1 млн. АКШ долларын түздү жана  көрсөткүч 2012-жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 9,2 пайызга жогору болду.

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 164,8 млрд сом суммасына продукция өндүрүлдү же өнөр жай секторунун өндүрүшүнүн көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 34,3 пайызга, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда – 84,7 млрд сомго жогорулады, же реалдуу өсүштүн темпи 3,5 пайызды түздү.

2014-жылдын башынан тартып текстиль  жана тигүү өндүрүшүндө өндүрүштүн - 16,5 пайызга реалдуу төмөндөшү сакталууда. Өндүрүштүн көлөмдөрүнүн төмөндөшүнүн негизги себеби болуп Россия Федерациясы тарабынан тигүү продукцияларына суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам, тапшырыктардын жоктугунан ишканалардын токтоп турушу саналат.

Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө 2012-жылга салыштырмалуу өндүрүштүн төмөндөшү белгиленүүдө. 2013-жылы өндүрүштүн көлөмү 22,8 млрд сомду түздү, электр энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмүнүн 4,9 пайызга, жылуулук энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмүнүн 8,7 пайызга, сатып алынуучу электр энергиясынын наркысыз, электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн 3,9 пайызга төмөндөшүнүн эсебинен физикалык көлөмдүн индекси 98,3 пайызды түздү. Мындай төмөндөө суунун тартыш мезгилинин башталышы жана Токтогул ГЭСинин өндүрүштүк кубаттуулуктарынын толук иштебегендиги, ошондой эле жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн жоктугу менен шартталды.

Кен казуу өнөр жайында 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча продукция өндүрүүнүн көлөмү 5,4 млрд сом суммасында түзүлдү жана 2012-жылга салыштырмалуу металл кендерин казуунун 32,6 пайызга олуттуу кыскаргандыгынын эсебинен реалдуу түрдө 4,6 пайызга төмөндөдү.

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарбасында республиканын бардык категориялардагы чарбалары тарабынан 172,0 млрд сомго дүң продукция өндүрүлдү жана реалдуу түрдө 2,9 пайызга жогорулады, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча өсүү 4,9 пайызды (87 млрд сом), ал эми мал чарбачылык тармагы боюнча өсүү 1,0 пайызды (81,4 млрд сом) түздү.

Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көлөмдөрүнүн көбөйүшү белгиленүүдө. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 78,2 млрд сомду түздү жана 2,3 пайызга жогорулады, бул 2012-жылга салыштырмалуу курулуш тармагынын 12,4 пайызга өсүшүнө алып келди.

2013-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү дүң чыгаруу 297,3 млрд сом көлөмүндө түзүлдү жана өсүштүн реалдуу темпи 105,4 пайызды түздү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш соода тарабынан камсыз кылынды, мында өсүш 6,9 пайызды, салым 2,3 пайыздык пунктту түздү, транспорт жана байланыш кызмат көрсөтүү чөйрөсү тарабынан 5,8 пайызга жана тиешелүү түрдө 19,5 пайызга камсыздалды, салым – 0,6 жана 1,8 пайыздык пунктту түздү.

Муну менен бирге, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү, атайын каражаттарды кошпогондо, 2013-жылы 92 257,9 млн сомду же  болжолго карата 98,2 пайызды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин көрсөткүчтөрү акчалай түрдө 11 913,5 млн сомго өстү. Өсүүнүн номиналдык темпи 114,8 пайызды түздү. Отчеттук мезгилде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы үлүшү, атайын каражаттарды кошпогондо ИДПга карата 26,4 пайызды түздү.

2013-жылдын январь-декабрында республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгү, атайын каражаттарды кошпогондо жана мамлекеттик карызды эсепке алуу менен 90 994,1 млн сом суммасында же пландан 97,7 пайызга аткарылды. 2012-жылдын тиешелүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы, атайын каражаттарды кошпогондо 81 960,5 млн сомду түзгөн. 2012-жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу жалпы чыгымдар 9 033,6 млн сомго же 11,0 пайызга көбөйдү. ИДПнын көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жалпы чыгымдары 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,9 пайыздык пунктка азаюу менен 26,0 пайызды түздү.

2013-жылдын январь-декабрында республикалык бюджеттин таңсыктыгы 2849,5 млн сомду же  ИДПга карата 0,8 пайызды түздү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген  2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программада белгиленген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн айрым багыттары боюнча терс тенденцияларга жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга болжолунда белгиленген максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2013-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган маалыматты министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү,  жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2013-жылы жетишилген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн иш жүзүндөгү жыйынтыктарынын негизинде  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 “Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн  2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” токтому менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизишсин.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын  башчылары менен биргеликте:

-      жазгы талаа иштерине даярдануу боюнча толук чараларды көрсүн;

-     бардык болгон техникалык жана агротехникалык тейлөө кызматтарын оңдоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон белен тетиктер, түйүндөр жана агрегаттар менен комплектөө жолу аркылуу алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;

-     минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирип берүүчүлөр менен аларды республикага келишимдик негизде жана айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн өз ара пайдалуу шарттарда жеткирип берүү боюнча ишти жөнгө салсын;

-     “Фермерлерге арзан кредит” программасы боюнча фермерлерге берилүүчү насыялардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги:

-     2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программага киргизилген энергетика секторундагы ири улуттук инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өз убагында жана толук көлөмдө аткарсын;

-     2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоорун иштеп чыксын;

-     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана кызыкдар министрликтер, администрациялык ведомстволор менен биргеликте текстиль жана тигүү продукциясын экспорттоону көбөйтүүгө колдоо көрсөтүү боюнча иштерди активдештирсин;

-     коксту, мунайзат продуктуларын жана ядролук материалдарды өндүрүүчү ишканаларды ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү жана кубаттуулуктарын өздөштүрүү боюнча чараларды көрсүн;

-     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте республикадагы токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, иштеп жаткан ишканалардын кубаттуулуктарын күчөтүү, өнөр-жай  өндүрүшүнүн жаңы объектилерин түзүү боюнча ишти күчөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:

-      “Кыргызалтын” ААК (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:

Макмал кенинин минералдык-чийки зат базасын көбөйтүү жана “Макмалалтын” комбинатынын иштешине ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча;

      мышьяктын жогорку концентрациясы бар кенден акыркы продукцияны чыгаруу боюнча чараларды көрсүн;

-     Иштамберди, Бозымчак алтын кендерин ишке киргизүүнү жана ушул ишканалардын эсебинен алтын өндүрүү боюнча болжолдонгон көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2014-жылы туристтик тармактан түшкөн кирешелерди жогорулатууга багытталган чараларды активдештирүү боюнча пландын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттин социалдык кепилденген чыгымдарын толук жана өз убагында каржылоо максатында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.

9. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

-     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы № 472 “Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын  январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө” токтому;

-     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-октябрындагы № 669 “2011-жылдын январь-сентябры үчүн  Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө” токтому;

-     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июнундагы № 438 “2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” токтому.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө,  финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.  

Премьер-министр                                            Ж.Ж. Сатыбалдиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу