Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга (1 жана 2-тиркемелер) ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары мөөнөтүн узартуу укугу менен 49 жыл мөөнөткө, “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун салымы катары Макулдашуунун бүткүл колдонулуу мөөнөтүнө берилсин.”;
- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“- “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунан алынган акциялары түрүндө “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун түшкөн кирешесине дивидендди эсептебесин.”;
- 7-пунктундагы “5” деген цифра “6” деген цифрага алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев