КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 7-февралындагы № 78 токтому

«Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 224 мыйзамы менен ратификацияланган, 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кытай Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Жеңилдетилген сатып алуучулук кредит – Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөндөгү шарттарда Субсидиардык макулдашуу түзүү менен «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна 386 000 000 (үч жүз сексен алты миллион) АКШ доллары өлчөмүндө зайымдык каражат берсин:

- зайымдык каражаттарды төлөө мөөнөтү - 20 жыл, анын ичинде жеңилдик берилген мезгил - зайымдык каражаттардын негизги суммасына 11 жыл, жеңилдик берилген мезгилден кийинки 9 жылдын ичинде негизги сумманы бирдей ченемде төлөө менен;

- зайымдык каражаттарды пайдаланууга пайыздык коюм - иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммага эсептелген төлөм мөөнөтүнүн келишине жараша төлөнүүчү жылдык 2 (эки) пайыз;

- төлөм кармалгандыгы үчүн финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасына эсептелүүчү жылдык 5 (беш) пайыз;

- төлөөнүн мезгилдүүлүгү – жылына эки жолу: 21-мартта жана 21-сентябрда;

- эсептешүүнү жүргүзүүнүн башталышы – акча каражатын алган учурдан тартып;

- зайымдык каражаттар боюнча карызды төлөөнүн акыркы күнү 2034 - жылдын 21-сентябры;

- зайымды башкаруу үчүн комиссия – негизги суммадан 0,18 пайыз, бир жолку төлөм түрүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте күн тартибине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен ири бүтүм – Зайымдык каражаттарды кайта берүү боюнча субсидиардык макулдашуу түзүүгө уруксат берүү жөнүндө жана башкы директорго бардык керектүү документтерге кол коюу жана кредиттик каражаттарды тескөөгө ыйгарым укук берүү тууралуу маселени кошуу менен «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү демилгесин көтөрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги белгиленген тартипте «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун ишин төмөнкүлөр боюнча контролдоону жүргүзсүн:

- алынган каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча;

- зайымды төлөө графигине ылайык Субсидиардык макулдашуунун шарттарын аткаруу боюнча.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбооруна (мындан ары - долбоор) карата Бишкек шаарынын ЖЭБин долбоорлоо жана кайра конструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксат берсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция долбоорду ишке ашыруунун алкагында экологиялык жана техникалык коопсуздуктун ченемдерин сактоого көзөмөл жана контроль жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасына иштөө максатында келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына 2014-жылга жана андан кийинки жылдарга карата квотаны Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча түзүүдө жана кайра бөлүштүрүүдө долбоордун ишке ашырылышын эске алуу менен жүргүзсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте долбоорду ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыздоого жардам көрсөтсүн:

- атайын жана бөлүнбөс жүк салынган транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча тоскоолдуксуз өтүшүн;

- жабдуулардын жана материалдардын жүк ташуучу автотранспорт менен Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча тоскоолдуксуз ташылышын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                               Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу