КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 13-февралындагы № 90 токтому

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмону бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын таламдарынын кагылышын жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө” жана “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарында таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмо бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмону жетекчиликке алышсын.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарында таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмо 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айдын ичинде:

- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын таламдарынын кагылышын жоюуну жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрлык иштер бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр                                              Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркеме