Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун уставын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө жоболорду «Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясатынын негиздери тууралуу» жана «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тиркелген уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 501 «Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборун түзүү тууралуу» токтомунун 2-пункту өз күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев