КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын КР Өкмөтүнүн 7-февралындагы № 77 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

“1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга ылайык (1 жана 2-тиркемелер) Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына андан ары салым катары киргизүү үчүн 49 жылдык мөөнөткө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мөөнөтүн узартуу менен “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна берилсин.”;

- 5 жана 6-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин:

“5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте   “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна киргизсин;

- “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторун пайдалануу укугун өткөрүп берүү түрүндө алынган кирешелерине дивиденддерди эсептебесин.

6. “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- зарыл болгон учурда белгиленген тартипте “Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы” жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары башка активдерди (материалдык жана/же материалдык эмес) кошумча киргизүү;

- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун иштеп чыгууда жана техникалык-экономикалык негиздемесин макулдашууда региондун өнүгүшү менен байланышкан сарптоолорду эске алсын.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министрЖ.Ж. Сатыбалдиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу