КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 18 токтому

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин  күнүн белгилөө  тууралуу 

 БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 96-пленардык кеңешмесинде  өнүгүү жана тынчтыкты сактоо максатында  6 апрелди Эл аралык  спорт күнү деп жарыялоо жөнүндө 2013-жылдын 23-августунда добуш берүүсүз кабыл алынган Резолюциясын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 6 апрелде жыл сайын  Кыргыз Республикасынын  дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 17-сентябрындагы №430 «Кыргыз Республикасынын дене тарбия кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                              Ж.Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу