Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 “2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2013-жылы жазында картөшкөнүн үрөндүк материалдары түрүндө алынган товардык насыяны өз убагында жоюуга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 35 “2013-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүүнү уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- “7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон жаздык буудайдын, жаздык арпанын жана тендер боюнча сатып алынган жаздык буудайдын, жаздык арпанын, гречиханын жана пахтанын үрөнүн алуучулар менен пайызсыз товардык насыяны берүү шартында, 2013-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтүндө, ал эми республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жана тендер боюнча сатып алынган беденин жана эспарцеттин, ошондой эле тендер боюнча сатып алынган картөшкөнүн үрөндүк материалдарын алуучулар менен 2014-жылдын 31-декабрына чейин төлөө мөөнөтүндө насыялык жана күрөөлүк келишимдерди өз убагында түзсүн;
- Нарын облусунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун бийик тоолуу региондорунун, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр аймагынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жаздык буудай менен жаздык арпанын үрөнү түрүндөгү аталган пайызсыз товардык насыяны төлөө мөөнөтү 2014-жылдын 31-декабрына чейин, ал эми беденин, эспарцеттин үрөнүн жана картөшкөнүн үрөндүк материалдарын – 2015-жылдын 31-декабрына чейин төлөө аныкталсын.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер–министр Ж.Ж.Сатыбалдиев