КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 “2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү      жөнүндө”  токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана   17-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  18-беренесине ылайык, “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 “2013-жылга Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынын  43-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрЖ.Ж. Сатыбалдиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу