Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин Психикалык бузулуудан жабыр тарткан адамдарды мажбурлап дарылоо жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары аныктоо тууралуу
Психикалык бузулуудан жабыр тарткан адамдарды мажбурлап дарылоо жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы №138 Мыйзамы менен ратификацияланган Психикалык бузулуудан жабыр тарткан адамдарды мажбурлап дарылоо жүргүзүү үчүн берүү жөнүндө конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарийге - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Конвенцияны жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган бекитилгендиги жөнүндө билдирүү жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев