Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 “Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы № 152 “Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускамада:
- 9-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Эмгекке жарамсыздык баракчасы ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө берилет.”;
- 12-пунктта:
“белгиленген формадагы маалымкат берилет” деген сөздөр “эмгекке жарамдуулукту убактылуу жоготкондугунун мөөнөтүн көрсөтүү менен дарт баянынан көчүрмө берилет” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Москва шаарында 1997-жылдын 27-мартында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин жарандарына медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдө болгон мезгилде алардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгын тастыктаган документтер алар кайтып келгенден кийин саламаттык сактоонун аймактык уюмунун дарылоочу дарыгери берген эмгекке жарамсыздык баракчасына алмаштырылат.”;
- 13-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Эмгекке жарамсыздык баракчасы туруктуу жашаган жери боюнча саламаттык сактоо уюму тарабынан берилет, ал эми ведомстволук саламаттык сактоо уюму болгон учурда иштеген, кызмат өтөгөн жери боюнча же медициналык тейлөө үчүн бейтап бекитилген жерден берилет. Жаран туруктуу тейлөө жеринде болбогон учурда (иш сапары, эмгектик өргүү ж.б.) эмгекке жарамсыздык баракчасы медициналык уюм тарабынан да берилүүсү мүмкүн, бирок саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин уруксаты менен гана (мындай учурда эмгекке жарамсыздык баракчасынын “өзгөчө белгилер” деген сабында саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу коюлуп, ал аталган саламаттык сактоо уюмунун гербдүү мөөрү менен бекемделет).
Шаардык эмес адамдарга эмгекке жарамсыздык баракчасын берүүдө “иштен бошотуу” бөлүмүндө саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу саламаттык сактоо уюмунун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.”;
- 21-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын:
“Эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракчанын негизги бланкында диагноз көрсөтүлбөйт.”;
- 22-пунктта:
“оору” деген сөздөн кийин “С00-С97 коддору (залалдуу жаңы түзүлүш) жана Т66 (радиациялык нурлануу), жаракат,” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
“баланы багуу” деген сөздөр “үй-бүлөнүн бейтап мүчөсүн багуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 25-пунктта:
“Эмгекке убактылуу жарамсыздык жөнүндө документтердин” деген сөздөр “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракчасынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи сүйлөм менен толукталсын:
“Эмгекке жарамсыздык баракчасы жана маалымкат үчүн” саламаттык сактоо уюмунун мөөрү, ал үчүн атайын бөлүнгөн орунга (баракчанын бланкынын оң жактагы төмөнкү бурчуна) коюлат.”;
- 53-пункттагы “156” деген цифралар “140” деген цифраларга алмаштырылсын;
- 56-пункт “бийик тоолуу шартта” деген сөздөрдөн кийин “жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 601 пункт менен толукталсын:
“601. “Эмбрионду жайгаштыруу” боюнча операция жасоодо эмгекке жарамсыздык баракчасы операция жасаган дарыгер тарабынан ооруканага жаткырылган учурдан тартып кош бойлуулук фактысы аныкталганга чейинки мезгилге берилет, андан кийин эмгекке жарамсыздык баракчасы жалпы негизде берилет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Аталган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев