КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 727 токтому

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангы жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

-  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангдарын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

-  Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпатталышы 2-тиркемеге ылайык.

2.  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык рангын ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөрдү даярдоо менен байланышкан маселелерди чечсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                        Ж.Ж. Сатыбалдиев 


Тиркемелер

Басып чыгаруу