Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев