КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 706 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  28-июнундагы № 388 «Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө»  токтомуна  өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Калктын аялуу топторун социалдык коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 «Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 39-пункттун экинчи абзацында «кирген» деген сөз «кирбеген» деген сөзгө алмаштырылсын;

- 46-пунктта «монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча» деген сөздөр алып салынсын;

- 2013-жылы Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга укуктуу жарандардын категорияларынын тизмегинде:

I   бөлүмдүн 2-пунктундагы «майыптары жана Баткен окуяларынын катышуучулары.» деген сөздөр «жана Баткен окуяларынын майыптары.» деген сөздөргө алмаштырылсын;

II бөлүмдүн 13-пункту «күйдүргү» деген сөздөн кийин  «, кара тумоо» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр       Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу