КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы № 705 токтому

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 Дипломатиялык кызматтын органдарынын ишин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жобо бекитилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 “Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана 1-пунктундагы “Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2, 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 “Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 11-августундагы № 477 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                               Ж.Ж. Сатыбалдиев 


Тиркемелер

Басып чыгаруу