КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 714 токтому

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартибин бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды эсепке алууну уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Тиркелген: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартиби (мындан ары – Тартип) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- кадрлык ишти жүргүзүүдө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипти жетекчиликке алышсын;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                             Ж.Ж. Сатыбалдиев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу