Жумуш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 2, 3 жана 6-январындагы жумуш күндөрү тиешелүү түрдө 2014-жылдын 11, 18 жана 25-январындагы дем алыш күндөрүнө которулсун.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев