КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 673 токтому

Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аңчылык чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун арттыруу, аңчылык жерлерин берүү тартибин өркүндөтүү, бул чөйрөдө кызыкдар тараптардын укуктук мамилелерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык чарбасын жүргүзүү үчүн аңчылык жерлерин пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- бул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жыл сайын бул токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун .

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4.  Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                            Ж. Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

 

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу