КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 670 токтому

2014-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө

 “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Тиркелген: 2014-жылга статистикалык иштердин программасы (мындан ары – Программа) бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер мамлекеттик статистиканын тиешелүү органдарына Программада каралган мөөнөттөрдө статистикалык жана административдик маалыматтарды беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статистикалык иштерди Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үчүн каралган каражаттардын чегинде “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык каржылоону жүргүзсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министрЖ.Ж.Сатыбалдиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу